2023-жылы башталган Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Келечек Башаты» бала бакчасынын курулушу аяктоо алдында турат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы баасы 62 миллион сомду түзөт.
Бала бакча 60 орунга ылайыкталган. Имарат эки кабаттуу, жалпы аянты 720 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери заманбап талаптарга жана стандарттарга ылайык жүргүзүлүүдө.