Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттонун Республикалык борборунун Түштүк регионалдык башкармалыгынын башчысы Залкарбек Азимов жана башкармалыктын адистери тарабынан Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы «Глобал Строй Сервис» ЖЧКсынын өндүрүп чыгарган жана сертификациялоодон өткөн кум жана шагыл аралашмаларына инспекциялык текшерүү жүргүзүлдү.
Өндүрүлгөн продукциялар техникалык регламент жана нормативдик документтеги талаптарга канчалык жооп берээрин аныктоо максатында, продукциялардын үлгүлөрү ылгоо жолу менен алынып, сыноо лабораторияларына жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, Кара-Суу районунда «Глобал Строй Сервис» ЖЧКсы тарабынан кум жана шагыл аралашмалары өндүрүлүп чыгарылат.