Свердлов районунун соту тарабынан калыбына келтирүү жөнүндөгү чечимдин негизинде Бишкек шаары боюнча архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы Свердлов районунун сот аткаруучусу менен биргеликте А. А. Сыдыковго таандык аймакта демонтаждоо иштери жүргүзүлдү.
Борбор калаанын Гоголь көчөсү, 187 дарегиндеги мыйзамсыз салынган футбол аянтчасы жана ага жанаша жайгашкан эки кабаттан турган эки административдик объект толугу менен демонтаждалып, аталган аймак баштапкы калыбына келтирилди.
Башкармалык Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө боюнча мыйзамга ылайык иш-аракеттерин улантат.