28-июнда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура, турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Токмок шаарына барды.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен Токмок шаарындагы кичирайондо жаңы спорт комплексинин курулушу башталды.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев Токмок шаарынын тургундарына жаңы спорт комплексининин долбоорун тааныштырып, бир катар суроолорго жооп берди. Жолугушууга Токмоктун жаңы мэри Алтынбек Эргешов да катышты.
Мындан сырткары, В.Ф.Марков атындагы № 1 орто мектебинин жанына салынып жаткан 375 орундуу кошумча корпустун курулуш иштери менен таанышты.
Ошондой эле, Токмок шаарындагы 1989-жылы салынып бүтпөй, кароосуз калган мектеп жана бала бакчанын абалы менен таанышып, объектилердин үстүнөн иш алып барыларын билдирди.