КР Курулуш, архитектура, турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен салынып жаткан жолдордун сапаты жеринен ыкчам текшерилүүдө.
Курулуш министрлигине караштуу республикалык “Курулушсертификация” борбору тарабынан атайын топ жана көчмө лаборатория уюштурулду. Учурда салынып жаткан жолдордун сапаты атайын керн алгыч КО-200 CT техникасы менен текшерилип жатат.
Белгилей кетсек, Республика боюнча аталган борбор тарабынан ар дайым курулуш иштеринин сапатына көзөмөл жүргүзүлүп келет.