icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Баткенде Юстиция министрлиги үчүн жаңы имарат курулуп жатат

Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жаңы административдик имаратынын курулушу уланууда. Курулуш иштери 2024-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоорго ылайык, объектинин тендердик баасы 36 миллион сомду түзөт.

Имарат жер төлөсү менен кошо эки кабаттуу болуп, жалпы аянты 536 чарчы метрди түзөт. Ал кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында бардык зарыл жабдуулар менен камсыздалат.

Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 70 пайызы бутуп калды.