icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

ЭЛДИН НААРАЗЫЧЫЛЫГЫН ЖАРАТКАН КУРУЛУШ КОМПАНИЯСЫНА БИР ЖУМА МӨӨНӨТ БЕРИЛДИ

Бүгүн, 2025-жылдын 30-июнунда, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин имаратында курулуш иштери жай жүрүп, мөөнөттөрү бузулуп жаткан компаниялардын кардарлары чогулду. Чогулган жарандар менен Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин директору Эрназар Суйеркулов жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди. Ошондой эле, “Brand House” ЖЧКсынын жетекчиси Нурлан Эшбаев чакырылып, эки тарап тең өз ойлорун билдирди.

Көптөн бери токтоп турган курулуш иштерине жана компания тарабынан берилген убадалардын аткарылбай жатканына нааразы болгон жарандар бир катар маселелерди көтөрдү. Жыйынтыгында, “Brand House” компаниясына курулуш иштерин жандандырып, көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир жума убакыт берилди. Эгерде белгиленген мөөнөт ичинде тиешелүү иштер аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги мыйзам чегинде тийиштүү чараларды көрөрү маалымдалды.