Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан 2025-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Ысык-Көл облусу боюнча 43 социалдык объектте курулуш иштери жүргүзүлүп, мындан сырткары 11 объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Ошондой эле, 6 аймакты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу иштери аткарылууда.