icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Киберкоопсуздук: Хакердик чабуулдардан сак бололу

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин кызматкерлери үчүн киберкоопсуздук боюнча маалыматтык тренинг өткөрүлдү.

Киберкоопсуздук — бул электрондук түзмөктөрдү жана аларда сакталган маалыматтарды коргоого багытталган чаралардын жыйындысы. Алсак, вирустардан, хакердик чабуулдардан, маалыматтарды уурдоодон жана санариптик алдамчылыктан коргонуу — киберкоопсуздуктун негизги максаттарынын бири болуп эсептелет.

Тренинг Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан уюштурулуп, кызматкерлерге кибер мейкиндиктеги коркунучтар жана алардан сактануу жолдору тууралуу кеңири маалымат берилди.