100 күндүк өкмөттүк акселератордун алкагында жүргүзүлгөн масштабдуу иштердин кезектеги жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Жөнөкөйлөтүү программасынын алкагында курулушту баштоого уруксат алуу мөөнөтү:
• Жалпы механизм боюнча – 180 иш күнүнөн 60 иш күнүнө чейин;
• Жөнөкөйлөтүлгөн механизм боюнча – 90 иш күнүнөн 30 иш күнүнө чейин;
• Эң жөнөкөйлөштүрүлгөн механизм боюнча – 20 иш күнүнүнө чейин кыскартылды.
"Экологиялык экспертиза жөнүндө" мыйзамы боюнча, айлана-чөйрөгө олуттуу таасирин тийгизген объекттер үчүн – 60 иш күнүнө чейин;
• I даражадагы кооптуу объекттер үчүн – 40 иш күнүнө чейин;
• II даражадагы кооптуу объекттер үчүн – 20 иш күнүнө чейин;
• III даражадагы кооптуу объекттер үчүн – 10 иш күнүнө чейин кыскарды.
Курулуш объектилеринин көпчүлүгү III даражада экендигин эске алуу менен экологиялык экспертизанын мөөнөтү 90 күндөн 10 иш күнүнө чейин кыскартылды. Бул кадам инвестициялык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга түрткү берет.
• Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан өрткө каршы экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрү: биринчи экспертиза үчүн – 14 иш күн, кайталап өткөрүү үчүн – 10 иш күнү деп бекитилген.