icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

БАТКЕН: МИҢ-ЖЫГАЧ АЙЫЛЫНДАГЫ ЗАМАНБАП МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ АЯКТАП КАЛДЫ

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Миң-Жыгач айылында 225 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоор 2023-жылдан бери ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.


Мектептин жалпы аянты 1656 м²ди түзүп, төрт блоктон турат: эки кабаттуу окуу корпусу, өтмө галерея жана спорт залы. Негизги окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, жыйындар залы, медициналык кабинет, ошондой эле балдар жана кыздар үчүн эмгек кабинеттери каралган.


Курулуш объектиси ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.