icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш министрлигинде кадрдык өзгөрүү болду

Бүгүн, 2025-жылдын 3-июлунда, Кожобеков Кубанычбек Маликович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги кызмат ордуна дайындалды.

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 20-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай – коммуналдык чарба министрлиги (мындан ары – Курулуш министрлиги) жөнүндө жобо жетекчиликке алуу менен, тиешелүү буйрукка министр Н.К. Орунтаев кол койгон.

 

Негиз: К.М. Кожобековдун жеке арызы, Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору З.А. Кангельдиеванын сунуштамасы.