Ат-Башы районуна караштуу Большевик айылында жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 114 миллион сомду түзөт.
Башкы планга ылайык, жалпы аянты 854 чарчы метр болгон эки кабаттуу, 120 орунга ылайыкталган. Бала бакча бардык керектүү материалдар жана жабдуулар менен камсыздалып, заманбап стандарттарга жооп берет.