2025-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде министрдин орун басары Бакай Турдугуловдун жана ведомствонун башка өкүлдөрүнүн катышуусунда эки жолугушуу өттү.
Биринчи жолугушуу Мичурин көчөсү, 127 дарегиндеги "Эксперт Строй" жана "Гидротехстрой" ЖЧКларынын үлүш ээлери менен болду. Алар куруучунун үлүштүк катышуу келишиминин шарттарын аткарбагандыгына тынчсызданып жатканын билдирди. Жооп иретинде министрликтин өкүлдөрү кырдаалдын юридикалык жана техникалык аспектилерин түшүндүрүп, маселе көзөмөлдө болоруна жана өз компетенциясынын чегинде зарыл жардам көрсөтүлөрүн айтты.
Кийинки жолугушуу "Достук" кичи районундагы турак үйлөрдүн курулушунун бүтпөй жаткандыгына байланыштуу болду. Тургундар уруксат берүүчү документтерди жол-жоболоштурууга жана объектилерди пайдаланууга киргизүүгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды. Жолугушуунун жүрүшүндө "Айылчы Курулуш" турак жай курулуш кооперативи подряддык уюму бир катар милдеттенмелерин аткарбаганы аныкталды. Министрдин орун басары Бакай Турдугулов Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Замира Кангельдиевага уруксат берүүчү документтер боюнча маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Бул жолугушуулар жарандарды турак жай көйгөйлөрүн чечүүдө колдоонун жана
куруучулар тарабынан милдеттенмелердин аткарылышынын маанилүүлүгүн белгилейт.