icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Н. Орунтаев курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту

 2025-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин жана курулуш компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өттү.

Кеңешмеде 2025-жылдын 2-июлунда кабыл алынган №93/НПА токтому менен бекитилген жобонун негизги аспектилери талкууланды. Жободо курулушка уруксат берүү жана инженердик тармактарга кошулуу тартибин жөнгө салат. Документке арыз берүү, долбоорлорду макулдашуу, курулуш иштерин баштоо, инженердик тармактарга кошулуу жана эрежелерди бузгандар үчүн жоопкерчилик боюнча тартиптерди камтыйт.

Ошондой эле, жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуштары каралды. Атап айтканда, капиталдык курулуш, реконструкция, кайра профилдөө жана кайра пландаштыруу объекттерин курулуш реестрине акы төлөнүүчү негизде киргизүү сунушталды (бюджеттик объекттерден тышкары).

Министр Нурдан Орунтаев Кыргыз Республикасында курулушка уруксат берүү жана инженердик тармактарга кошулуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган аракеттер мындан ары да улантыларын белгиледи.