Бүгүн, 2025-жылы
4-июлунда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак
жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусунунун Ак-Суу
айылындагы жаңы салынып жаткан музыкалык мектептин курулуш иштери менен
таанышып чыкты.
Ак-Суу районуна
караштуу Ак-Суу айылында К.Досмамбетова атындагы 120 орундуу музыкалык мектеп
курулууда. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 40 пайызы бүткөрүлдү.