icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ысык-Көл: Орлиное айылында курулуп жаткан 150 орундуу мектеп

Бүгүн, КР Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусунунун Ак-Суу районуна караштуу Орлиное айылынын В.И. Омельчинка атындагы жаңы салынып жаткан мектептин курулуш иштери менен таанышты.

Долбоор боюнча эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея жана спорт залы каралган. Мектеп 150 окуучуга ылайыкталган.

Быйыл жыл аягына чейин мектептин курулуш иштерин бүткөрүү пландалууда.