Бүгүн, 4-июль күнү КР
Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусунунун Ак-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыя
айылындагы жаңы салынып жаткан мектепке барды.
Долбоор боюнча 150
окуучуга ылайыкталган, бир кабаттуу окуу корпус спорт залы менен курулууда. Мектептин
жалпы аянты 1174 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 60 пайызга
бүткөрүлдү.
Быйыл жыл аягына
чейин мектептин курулуш иштерин бүткөрүү пландалууда.