Жыйындын алкагында төмөнкү айылдардын башкы пландары каралды:
• Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Кызарт, Жаңы-Арык, Базар-Турук жана Кызыл-Эмгек айылдары,
• Байзак айыл аймагынын Байзак айылы,
• Жумгал айыл аймагынын Жумгал айылы.
Башкы пландар Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин №5 өнөркана тарабынан иштелип чыккан.
Жыйынга айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин депутаттары жана айыл башчылары катышты.
Шаар куруу кеңешинин жыйынтыгы боюнча бардык айылдардын башкы пландары жактырылды.