Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылындагы “Келечек Башаты” атындагы бала бакчанын курулуш иштери менен таанышты.
Бала бакчанын курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Тендердик баасы 62,4 миллион сомду түзөт.
Долбоор ылайык бала бакча 60 орунга ылайыкталган, жалпы аянты 720 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 80 пайызга бүткөрүлдү.
Быйыл жыл аягына чейин мектептин курулуш иштерин бүткөрүү пландалууда.