icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жаш кызматкерлерге тажрыйба берүү максатында иш-чара уюштурулду

Курулуш министринин алдындагы Турак жай жарандык курулуш департаментинин директору Ислан Момоконовдун жетекчилиги алдында Департаменттин кызматкерлерине тажрыйба берүү максатында иш-чара уюштурулду. 

Иш-чаранын алкагында Курулушу жүрүп жаткан социалдык объктердин курулуш этабы практикалык түрдө таныштырылды. Департаменттин башкы инженери Нурлан Эшенбаев жаш кызматкерлерге курулуштун баштапкы этабынан баштап түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кызыктырган суроолорго жооп берди. 

Бул иш-чара Турак жай-жарандык курулуш департаменттин кызматкерлеринин иш билгилигин жогорулатуу жана тажрыйба топтоо максатында уюштурулду.