Курулуш министрлигинин алдындагы Турак жай жарандык курулуш департаментинин директору Ислан Момоконов жана орун басары Жыргал Медетканов Чүй обоусунда курулуп жаткан социалдык объекттерди текшерди.
Учурда Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш айылында спорт комплекс курулууда. Долбоор боюнча эки кабаттуу “А” жана “Б” блоктон турат. Жалпы аянты 620 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 47 пайызга бүткөрүлдү.