Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан Таш-Дөбө айылындагы Б.Бейшеналиева атындагы мектепте толук капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
2025-жылдын 8-июлунда аталган мектепке Турак жай жарандык курулуш департаментинин директору Ислан Момоконов жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты.
Капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, тендердик баасы 173,6 млн сомду түзгөн. Бүгүнкү күндө оңдоо иштеринин 70 пайызы бүткөрүлдү, жыл аягына чейин мектепти толук бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.