icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чолпон-Атадагы заманбап көрүнүшкө ээ болгон көл жээги

2024-жылы Чолпон-Ата шаарынын көл жээгиндеги эс алуучу аймагында масштабдуу жакшыртуу иштери башталып, мыйзамсыз курулуштар – конок үйлөрү,  кафелер, павильондор жана соода түйүндөрү алып салынган. Бүгүнкү күндө бошотулган аймактар шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап коомдук жайларга айланды.

Иш-чаралар "Алтын кум" (950 метр) жана "Борбор" эс алуу борборунун (350 метр) аймагында жасалды. 

Долбоор Чолпон-Ата шаарынын мэриясы тарабынан Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылды. Курулуш иштерин "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы аткарып, долбоор Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин алдындагы райондук архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан. 

Аймакта санитардык жана күзөт пункттары, балдар жана спорттук аянтчалар, велосипед жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор, жашылдандыруу, жарыктандыруу жана кичи архитектуралык элементтер орнотулган. 

Долбоорду ишке ашыруу аймактын туристтик жагымдуулугун арттырууга, шаардык чөйрөнү өнүктүрүүгө жана Ысык-Көл жээгинин инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган.