Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Миң - Жыгач айылында 225 орундуу Жаш-Тилек атындагы орто мектебинин курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.
Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 1 258,8 чарчы метрди түзөт жана заманбап талаптарга ылайык бардык шарттар каралган.
Аталган мектеп республикалык бюджеттен каржыланып, учурда курулуш иштеринин 85 пайызы бүткөрүлдү. 2025-жылдын аягына чейин мектепти толук бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.