Бүгүн, 2025-жылдын
10-июлунда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак
жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “НБК” курулуш компаниясынын
жетекчиси жана компанияга нааразы болуп жаткан жарандар менен жолукту.
Жолугушуу “НБК” компаниясы куруп жаткан немис кварталындагы көп кабаттуу турак үйүнүн алдында өттү. Министр объектинин курулушу менен таанышып чыгып, курулуш иштерин өз убагынан кечиктирип жаткан компанияга 10 күндүк убакыт берди. Бул аралыкта компаниянын курулуш иштери тездеп, үлүш ээлери тарабынан көтөрүлгөн маселелер чечилүүсү керек.
Ошондой эле,
министр Нурдан Орунтаев “НБК” компаниясынын курулуш объектилери көзөмөлдө
болоорун билдирди.