icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Борбаш айылындагы жаңы мектеп 1-сентябрда пайдаланууга берилет

Ош облусунун Ноокат  районунун Борбаш айылындагы 375 орундуу  Ой-Талаа мектебинин курулуш иштери кызуу журүп жатат. Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 2450 чарчы метрди түзөт жана заманбап талаптарга ылайык бардык шарттар каралган. Аталган мектеп ушул жылдын 1-сентябрында пайдаланууга берилет. Объект республикалык бюджеттен каржыланып, учурда курулуш иштеринин 90 пайызы бүткөрүлдү.