Ош облусуна
караштуу Кара-Суу районунун Кең-Сай айылындагы 120 орундуу бала бакчанын курулуш
иштери кызуу жүрүп жатат. Жаңы бала бакчанын жалпы аянты- 1285,75м2. Республикалык
бюджеттен каржыланып, балдар үчүн бардык шарттар толук каралган. Эки кабатуу
жаңы бала бакча ушул жылдын 1-сентябрында пайдаланууга берилет.