icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жаңы салынган унаа жолдорунун сапаты текшерилүүдө

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу “Курулушсертификаттоонун” республикалык борборунун көчмө лабораториялары жаңы салынып жаткан жолдордун сапатын керн алгыч КО-200 CT техникасы менен текшерүүдө.

Учурда борбордун көчмө лабораторияларынын бири Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүнүн Турдубаев көчөсүнөн Чаначев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн жол каптамасынын сапатын текшерди. Экинчи лаборатория Бишкек шаарынын Ленин районундагы Корсаков көчөсүндө, Ала-Тоо көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки аралыкта ушундай эле текшерүү жүргүздү. Эки учурда тең лабораториялык анализ жүргүзүү үчүн үлгүлөр алынды.

Сыноонун жыйынтыгы расмий протокол түрүндө таризделет.

Белгилей кетсек, “Курулушсертификаттоонун” республикалык борбору өлкөнүн бардык аймагында курулуш иштеринин сапатына системалуу мониторинг жүргүзүп келет