Нарын районунун Жер-Көчкү айылында Б. Кыязов атындагы жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. 150 окуучуга ылайыкташкан мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан, спорт зал жана өтмө галереядан турат.
Мектепти жаңы
окуу жылынын башталышына карата пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоор
айылдагы билим берүү шарттарын жакшыртып, балдардын өнүгүүсүнө кеңири
мүмкүнчүлүктү түзөт.