icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Сапаттуу кызмат көрсөтүү эми жаңыланган жайда!

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк регионалдык башкармалыгынын башкы имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.

2024-жылдын май айынан тарта кызматкерлердин иштөөсүнө жагымдуу шарттар түзүү, калкты ыңгайлуу жана сапаттуу тейлөө максатында аталган имаратты оңдоо иштери башталган.

Белгилей кетсек, Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк регионалдык башкармалыгынын башкы имараты 1992-жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес.