icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Ноокаттагы маданият үйү 30 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өтүүдө

Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан маданият үйүндө курулуш иштери кызуу журүп жатат. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. 

Белгилей кетсек, маданият үйү 480 көрүүчүгө ылайыкталып 1990-жылы курулган. Курулгандан бери биринчи жолу капиталдык оңдоп-түзөөгө алынууда. Учурда имараттын ички жана сырткы бөлүктөрү заманбап талаптарга ылайык жасалып жатат.