Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги тарабынан Нарын шаарындагы академик Үсөн Асанов атындагы 500 орундуу лицей жатак-мектеби капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. 2025-жылдын январь айында имаратты оңдоо иштери башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Бүгүнкү күндө лицейдин жатаканасы жаңыланып пайдаланууга берилди. Ал эми жаңы окуу жылынын башталышына чейин окуу корпусунун оңдоп-түзөө иштери толук бүткөрүлөт.
Белгилей кетсек, лицей жатак-мектеби 1964-жылы курулуп, андан бери капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эмес.