Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын начальниги демартаментке тиешелүү маселелер боюнча жарандарды кабыл алды.
Бул ирет шаардыктар павильон орнотуу, тургундар ортосундагы жер участоктору боюнча, жер астындагы унаа токтотуучу жайды уюштуруу жана башка актуалдуу маселелер менен кайрылды.
Эскерте кетсек, жарандарды жеке кабыл алуу бекитилген графикке жана атайын регламентке ылайык начальник жана анын орун басарлары тарабынан жүргүзүлөт.
Кабыл алуу кабылдаманын катчысы аркылуу уюштурулат.
Байланыш номер: 0312 31 81 09