Бүгүн,
2025-жылдын 15-июлунда, Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин жыйындар
залында кытайлык “Хэйлунцзян курулуш-инженердик корпорациясы” компаниясынын
өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө
Кыргыз Республикасынын аймагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу
мүмкүнчүлүгүн жана инвестициялык кызматташуунун келечеги талкууланды.
Тараптар мындан
аркы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүнө ишеним билдирди.