icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад: №1 жаңы поликлиниканын курулушу аяктап калды

Жалал-Абад шаарында бардык талаптарга жооп берген, жаңы заманбап №1 поликлиниканын курулушу аяктоо алдында турат. Долбоордун курулуш иштери 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, тендердик баасы 156 миллион сомду түзгөн.

Курулуш иштери Курулуш министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин тыкыр көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө. Үч кабаттан турган поликлиниканын жалпы аянты 3 141 чарчы метрди түзөт.

Поликлиниканы 2025-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.