Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу
Кара-Суу айылында Ш.Рысмендиев атындагы жаңы мектеп салынды. Курулуш иштери
2022-жылы башталып республикалык бюджеттен каржыланган. Тендердик баасы 119,6
миллион сомду түздү.
Долбоор боюнча 375 орунга ылайыкталган мектеп окуу
корпусунан, өтмө галерея жана спорт залынан турат. Билим ордодо негизги окуу
класстардан тышкары лаборатория, жыйындар залы, компьютердик класс, балдар жана
кыздар үчүн эмгек каласстары каралган.
Ошондой эле, Кочкор районунун Төлөк
айылында аянты 397 чарчы метрди түзгөн заманбап спорт зал курулууда. Быйыл окуу
жылынын башталышы менен пайдаланууга берилет.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Нарын
облусу боюнча 47 объекттиде курулуш жана 21 объектте капиталдык оңдоп-түзөө
иштери жүрүп жатат.