icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад: Базар-Коргондо суу коргоо зонасына курулган объекттер буздурулууда

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон шаарынын Сулайманов жана Курбанов көчөсөндөгү суу коргоо зонасына мыйзамыз курулган 4 тамактануучу жай буздурулууда.

Талапка ылайык Жалал-Абад региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын, Базар-Коргон шаарынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин жана райондук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан буздуруу иштери жүрүүдө.

Контролдоо башкармалыгы тарабынан архитектуралык нормаларды сактабаган объектилерге көзөмөл жүргүзүү иштери улантылат.