icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Көп кабаттуу үйдү расмий пайдаланууга өткөрүү иши жүрүп жатат

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен Бишкек шаарынын 7-кичи районундагы 49/3 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн маселеси жеринде каралды.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Эрназарбек Суеркулов жана “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басары Исмаил Мирбек уулу аталган көп кабаттуу турак үйдүн жашоочулары менен жолукту.

Маалым болгондой, бул участок жеке турак жай куруу үчүн пайдаланууга багытталган, бирок 2014-жылы көп кабаттуу үйдүн курулушу башталып, кийин үлүш ээлери үчүн пайдаланууга расмий өткөрүлүп берилген эмес. Мындан улам жашоочулар мүлктү өз атына каттай албай, документтерди бүтүрүүдө кыйынчылыктар жаралып келген.

Эми министрлик тарабынан Бишкек шаарынын 7-кичи районундагы 49/3 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдү расмий пайдаланууга кабыл алуу актысы түзүлүп, тиешелүү уруксат берүүчү документтерди тез арада тариздөө иштери жүргүзүлөт.