Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин жыйындар залында, курулуш тармагын бюрократиядан арылтуу жана санариптик трансформациялоо иш-чараларынын алкагында министрдин орун басары Бактыяр Станбековдун жетекчилиги алдында кеңешме болуп өттү.
Жыйындын максаты-долбоорлоо жана объекттерди куруу иштерин макулдашуу боюнча техникалык шарттарды түзүүчү мамлекеттик органдар менен инженердик кызматтардын өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо болду.
Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Транспорт министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Жаратылыш министрлиги, Маданият министрлиги, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги, ошондой эле “Кыргызтелеком”, “Газпром”, “Бишкек жылуулук тармагы”, “Бишкек жылуулук энерго”, “Бишкексууканал” жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.