icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Шаар куруу жана архитектура департаментинде кадрдык өзгөрүү болду

Исраилов Бейшенбек Арпидинович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чоң-Алай региондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай – коммуналдык чарба министринин орун басары Самат Джантелиев кол койгон.