icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарында 4500 орундуу стадион курулуп жатат

Нарын шаарында “Ала-Тоо” атылышындагы заманбап талаптарга жооп берген 4500 орундуу стадиондун эскиздик долбоору иштелип чыгып, учурда курулуш иштери жүрүп жатат.

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, стадионго караштуу аймак 3,6 гектарды ээлейт. Ал жерде кийим алмаштыруучу жана тамактануучу жайлар, жатакана, конференц-зал жана бир нече административдик бөлмөлөр жайгашат. 

Ошондой эле VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү үчүн бардык шарттар каралган. 

Курулуш иштери толугу менен Курулуш министрлигинин Нарын шаарындагы башкармалыгынын көзөмөлүндө.