icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй: Военно-Антоновкадагы жаңы мектеп 1-сентябрда пайдаланууга берилет

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы 700 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат. 

Аталган мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет.Эки кабаттан турган мектептин курулушу алгач 2012-жылы башталып, кийин бир нече жылга токтоп калган. 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, кайрадан курулуш иштери жанданып, учурда кызуу жүрүп жатат.

Курулуш иштериндеги мектептер үчүн коюлган жаңы стандарттар жана курулуш нормалары эске алынып курулган мектеп, келечектеги сапаттуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн толук түзө алат.