Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында О.Турусматов атындагы жаңы мектеп курулууда.
Долбоор боюнча мектеп 275 орунга ылайыкталган, эки кабаттуу 4 блоктон турат. Заманбап талаптарга жооп берген билим ордодо негизги окуу класстардан тышкары лаборатория, жыйындар залы, китепкана, дарыгердин кабинети жана спорттук зал каралган.
2024-жылы объекттинин курулушу башталып, республикалык бюждеттен каржыланууда. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 70 пайызга аткарылды.