icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жол боюндагы мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү иштери уланууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун  жарлыгынын негизинде Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан жол жээгиндеги курулуштардын мыйзамдуулугун аныктоо жана мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу максатында Бишкек-Кара-Балта унаа жолун бойлой көрнөк жарнактарды жана жеңил типтеги объектилерди иретке келтирүү иштери уланууда. 

Алсак, Сокулук жана Сары-Өзөн айыл аймагындагы муниципалдык жердеги өз билемдик менен тосулган 11 капиталдык тосмо буздурулуп, мыйзамсыз коюлган жеңил типтеги 3 тамактануучу жай, 9 павильон жана 3 контейнер алынды.