Бүгүн, 18-июлда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев ушул жылдын фераль айында өрттөн жабыркаган Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча улуттук илимий-изилдөө институтуна барып, өрттөн кийин калыбына келтирүү жана оңдоо иштери менен таанышып чыкты.
Капиталдык оңдоп-түзөө иштери июль айында башталып, "Байэль" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө имаратта масштабдуу калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ички конструкциялар демонтаждалып, жаңы терезе блоктору орнотулууда. Жылытуу жана санитардык-техникалык коммуникация системалары жаңысына алмаштырылууда. Электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жаңы кабелдик линиялар тартылып, ички жасалгалоо анын ичинде шпаклевка жана шыбак иштери аткарылууда. Санитардык түйүндөрүндө жана тиешелүү лабораториялык бөлмөлөрдө кафель плиткалары төшөлүп, оңдоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, терапия бөлүмүндө да оңдоо иштери жүрүп, ал подряддык уюм "Сапат Пром" ЖЧКсы тарабынан ишке ашууда.
Курулуш-монтаждоо процесси техникалык көзөмөл органдары тарабынан тынымсыз көзөмөлдөнүп турат. Айрым этаптар имараттын конструкциялык элементтеринин жана инженердик коммуникацияларынын даярдыгына жараша ишке ашырылууда.