icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын: Кочкор районунда 500 орундуу заманбап мектеп курулууда

Курулуш министрлиги тарабынан Нарын облусунун Кочкор районунда И.Арабаев атындагы мектеп курулууда. Башкы план боюнча объект “Т” формасында салынып, 500 орунга ылайыкталган. Жалпы аянты 4136 чарчы метрди түзгөн билим ордо үч жана эки кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы, ашкана жана спорт залынан турат. 

Мектептин курулушу 2023-жылдын ноябрь айында республикалык бюджеттин эсебинен башталган, бүгүнкү күндө 50 пайыздык жумуш аткарылды. Курулуш-монтаждоо иштерин “Иверия” ЖЧКсы жүргүзүүдө.