icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш министрлигинин адистери инженердик-техникалык окуудан өттү

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун бир топ адистери инженердик-техникалык иштер жаатында заманбап технологияларды киргизүү жана адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында Москвада өтүп жаткан окутууга катышты.

Окуу программасы “Стрела-П” жогорку технологиялык жабдуусунун негизинде өтөт. Ал курулуш конструкцияларынын техникалык абалын сыноо үчүн колдонулат. Бул жабдуу имараттарды жана курулмаларды аспаптык изилдөө жаатында эң алдыңкы чечимдердин бири болуп эсептелет. Ошондой эле, сейсмотуруштуулук багытындагы долбоордук жана изилдөө иштеринин натыйжалуулугун жогорулатат.

Окуу программасына теориялык сабактар менен катар, “Стрела-П” жабдуусу аркылуу алынган маалыматтарды колдонуу, эксплуатациялоо ыкмаларын өздөштүрүүгө багытталган практикалык бөлүк да кирет.

Курстан кийин институттун адистери алган билимдерин жана технологияларын иш жүзүндө практикада колдонот. Мындай аракет курулуштардын техникалык абалын так аныктоого, ал аркылуу Кыргыз Республикасындагы сейсмокоопсуздук деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.