icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

"Аю-Курулуш" турак жай комплексинин жашоочуларынын маселеси чечилүүдө

2025-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Көк-Жар айылындагы "Аю-Курулуш" турак жай комплексинин үлүш ээлери менен жолугушуу өткөргөн. Сейтек көчөсүндөгү №3 үйдүн жашоочулары пайдаланууга берилбеген имаратта жашоого аргасыз болуп, документтерди тариздөөдө олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. 

Министр жумушчу сапарынын алкагында керектүү чараларды тез арада көрүү жана үлүш ээлерине укук белгилөөчү документтерди алуу үчүн башкармалыктарга конкреттүү тапшырмаларды берген. 

Министр тарабынан берилген тапшырмаларынын аткарылышы боюнча 2025-жылы 16-июль Садырбаев көчөсүндөгү 1/10 үйүнүн жашоочулары менен жолугушуу болуп өттү. Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Эрназар Суеркулов тургундар менен жеринде чогулуш өткөрдү. Негизги маселе — көп кабаттуу турак үйдү эксплуатациялоо ишин тездетүү.

Үй курулуп жаткан объекттердин реестеринде болгондуктан шаардык суу жана электр камсыздоо кызматтарынын бардык тастыктоочу документтери бар, негизги курулуш иштери бүткөрүлүп, объектиге тез арада жыйынтыктоочу баа берүү тапшырылды. 

Учурда министрдин тапшырмасы боюнча иштер дээрлик бүтүп калды. Жакынкы арада үлүшчүлөрдүн турак жайга болгон укуктарын белгиленген тартипте тариздөө башталат.