icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкек шаарынын архитектура жана шаар куруу тармагын санариптештирүү

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин Архитектура жана шаар куруу департаментинин Бишкек шаардык башкы башкармалыгында шаар куруу тармагын этап-этабы менен санариптик форматка өткөрүү жана бюрократияны азайтуу процесси талкууланды.

Курулуш министринин орун басары Бактыяр Станбековдун жетекчилиги алдында Архитектура жана шаар куруу департаментинин директорунун орун басары Алмаз Мажитов, Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын башчысынын орун басарлары Назгүл Койбагарова жана Мирбек уулу Исмаил жана башкармалыктын бөлүм башчылары, автоматташтырылган маалыматтык системаны киргизүү боюнча жооптуу адистердин катышуусунда жыйын өттү. 

Бишкек шаардык башкы башкармалыгын санариптештирүү долбоорунун жетекчиси Феликс Шапиро учурда документтерди электрондук форматта кабыл алуу жана берүү боюнча, ошондой эле санарип колтамгаларды колдонуу жаатында аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. 

Жыйындын жүрүшүндө заказчы электрондук түрдө арыз берип, документ даярдоонун бардык баскычтарын онлайн көзөмөлдөй ала тургандыгы  көрсөтүлдү.

Бактыяр Станбеков 2026-жылдан тарта бардык бизнес-процесстер толук автоматташтырылып, башкармалыктын кызматкерлери бардык материалдарды электрондук форматта гана кабыл алууга толук өтүү тапшырмасын койду.